Чүй облусунунда жайгашкан аңчылык жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы
25-ноября 2025, 10:28
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого (мындан ары – Жобо) ылайык, 2025-жылдын 17-18-19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын конкурстук комиссиясы Чүй облусунунда жайгашкан аңчылык жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына, Жобонун 45-пунктуна таянып, төмөнкүлөрдү билдирет:
- Панфилов району: № 1 лот – Кыргыз Республикасынын “Аскердик – аңчылык коомунун кеңеши” коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;
- Панфилов, Жайыл, Москва райондорундагы: № 2 лот – Кыргыз Республикасынын “Калинин райондор аралык мергенчилер жана былыкчылар коому ” коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;
- Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорундагы: № 3 лот – “Чүй-Бишкек мергенчилик жана балык кармоо коому ” коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;
- Чүй, Кемин, Ысык-Ата райондорундагы жана Токмок шаарындагы: № 4 лот – Кыргыз Республикасынын “Токмоктогу район аралык мергенчилер жана балыкчылар комуу” коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;
- Панфилов, Жайыл райондорундагы: № 5 лот – “Хантинг Тур” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылды;
- Панфилов, Жайыл райондорундагы: № 6 лот – Кыргыз Республикасынын “Токмоктогу район аралык мергенчилер жана балыкчылар комуу” коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды.