Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Чуйская область
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек ШИИББгы боюнча МККБнын кызматкерлери менен биргеликте, мамлекеттик номуру 01 KG 196 AJ автоунаасынан Бишкек шаарынын Аламедин районундагы БЧК каналына саркынды суу төгүлүп жаткандыгы тууралуу ушул жылдын 9-мартында саат 13:45 те чагылдырылган видео материалдын негизинде издөө иштери жүргүзүлүп аталган автоунаанын айдоочусу аныкталды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 236-беренесинин негизинде мыйзам бузгандыгы үчүн жогорудагы автоунаанын айдоочусуна 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып мындан ары укук бузууларды болтурбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.