2024-жылдын 7-сентябрынан тартып 7-октябрына чейинки мезгили “Таза аба” бир айлыгы деп жарыяланды

Чуйская область
2024-жылдын 7-сентябрынан тартып 7-октябрына чейинки мезгили “Таза аба” бир айлыгы деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 7-сентябрь “Көк асман үчүн таза аба эл аралык күнүнө” жана 16-сентябрь “Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө” карата “Таза аба” бир айлык экологиялык акциясы жарыяланды.

Аталган акциянын алкагында  Министрлик, "Мувгрин" коомдук бирикмеси менен биргеликте "Дем Ал "фестивалын уюштурду. Иш-чарага экологиялык активистер, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты. 

Фестивальдын жүрүшүгдө Министрликтин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, абанын сапатынын маанилүүлүгү жана өлкөдөгү экологиялык абал тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Таза аба экологиялык акциясы жарыялангандыгын, буга байланыштуу өлкөдө абага булгоочу заттарды чыгарган ишкерлер жолугушуулар, түтүкчөлөрдө чан-газ тазалоочу орнотмолордун болушу, КР Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө Мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү, коомчулукка жеткирүү иш чараларын өткөрүлүп өткөрүп жаткандыгын айтып беришти.

Муну менен бирге, фестиваль искусствону, экологиялык билимди жана коомчулуктун катышуусун бириктирип, шаардыктарга таза абанын мааниси жөнүндө ой жүгүртүүгө, жашыл жашоо үчүн жаңы көндүмдөрдү жана идеяларды алууга жана бардыгы үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди