Абанын булганышы боюнча маалыматтык иштер күчɵтүлүүдɵ

Чуйская область
Абанын булганышы боюнча маалыматтык иштер күчɵтүлүүдɵ

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл  министрлигинде абанын булганышын калктын калың катмарына жеткирүүдɵ маалыматтык жактан камсыздоодо кɵмɵк кɵрсɵтүү боюнча  министрдин орун басары А.Раимкулова, Бишкек регионалык башкармалыктын башчысы Н. Шаршеев, Чуй регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Дуйшонбиев экология багытындагы активдүү  жаштар И.Карыпов эко-активистжана блогерлер Ч. Масабирова жана журналист Б. Искандарова менен жолугушту. 

Ɵз сɵзүндɵ А.Раимкулова, жарандарга туура маалыматты жеткирүү, министрлик аткарып жаткан иштерди чагылдырууда тыгыз кызматашып, ар тараптан иштɵɵгɵ чакырып ɵттү.

Жолугушуунун алкагында бул багытта аткарылып жаткан иштерди жɵнүндɵ толук маалымат берилип, актуалдуу делген маселелер талкуланып, аягында бул багытта гана эмес, экологиялык маданиятты жайылтууда тыгыз кызматташуу, башка дагы активист, блогерлерди тартуу боюнча конструктивдүү жолугушуу болду.