“Ала-Арча” суу сактагычы булгангандыгы боюнча Экологиялык техникалык көзөмѳл кызматы тарабынан чара көрүлдү

Чуйская область
“Ала-Арча” суу сактагычы булгангандыгы боюнча Экологиялык техникалык көзөмѳл кызматы тарабынан чара көрүлдү

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы “Фейсбук” социалдык тармагында колдонуучу тарабынан “Ала-Арча” суу сактагычы булганып жаткандыгына байланыштуу   2024-жылдын 1-апрель айында мал кармоочу кашардын ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин” 236-беренесине ылайык 10000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынып чара көрүлгөн.

Чүй-Бишкек аңчылык жана балык уулоо коомунун төрагасы Е.Ю, Катулевский 2024-жылы 15- май айында “Ала-Арча” суу сактагычынын жанындагы мал кармоочу жайдан чыккан саркынды суулар, курулган имараттардын жанындагы ар кандай таштандылар менен булганып жаткандыгы боюнча кайрылуу каты менен Башкармалык тараптан төмөнкүчө иш алынып барылган.

2024-жылдын 16- май айында Аламүдүн районунун аймагындагы “Ала- Арча” суу сактагычынын Ала-Арча дарыясынын куймасынын жээгинде жайгашкан мал кармоочу кашардан чыккан саркынды суулар боюнча жана ошол эле кашарга жакын жайгашкан курулган имараттар тегерегиндеги ар кандай таштандыларды аныктоо үчүн ыйгарым укугу бар мамлекеттик мекемелерге телефонограмма жөнөтүлгөн.

Уюшулган комиссия ордунан чыгып “Ала-Арча” суу сактагычына мал кармоочу жайдан чыккан саркынды суу куюлуп жаткандыгын, ар кандай таштандылар сууну булгоо жана капиталдык кулрулган имараттар боюнча фактыларды аныктап ордунан акт түзүлгөн.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик аймактар реформасынын Жарлыгында  көрсөтүлгөн жер тилкелери кайсыл айыл өкмөтүнө тиешелүү экенини Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү комиссияга келип катышпагандыктан аныкталган жок.

Башкармалык тараптан ыйгарым укугу бар мамлекеттик мекемелерге жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга өздөрүнүн ыйгарым укугунун чегинде чара көрүүгө жиберилген.

Азыркы учурда жер тилкелеринин мыйзамдуулугу боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.