Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш аракеттер талкууланды

Баткенская область
Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш аракеттер талкууланды

Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш аракеттер талкууланды

Учурда өлкөдө 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды  өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери боюнча маалымат берүү жана түшүндүрүү кампаниясы жүрүүдө.


Бул багытта Баткен облусунда өткөн жыйынга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев, КРнын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башкы адиси Турдакун Абдыкадыров, жана облус активдери, жергиликтүү активисттер, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын кызматкерлери  катышты.


Алгач Баткен облусунун туристик потенциалы жөнүндө видео тасма көрсөтүлдү. 

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” жөнүндө Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Концепция жана Жол картасын талкуу болду. 

Тоолорду өнүктүрүү- бул тоолуу аймактарда жашаган калктын экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер.

Тоолуу региондор болсо - рельефи, климаты, жаратылыш чөйрөсү жана жеткиликтүүлүгү менен шартталган өзүнүн уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар, аймкак болуп саналат.

Жаратылыш ресурстар ,экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Турдакун Абдыкадыров жыйында “өлкө башчысынын «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын кабыл алынышы, жаратылыш ресурстарына жана маданий мурастарга бай болгон тоолуу аймактардын  уникалдуу жана баалуу бөлүгүн сактап, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүгө чоң өбөлгө болот” деп белгиледи,жыйындын жүрүшүндө Турдакун Абдыкадыров иш чаранын жүрүшүндө  активист  жаштар тарабынан берилген  суроолорго  кенениреек токтолуп жооп берип өттү.

 

Бул жарлыктын негизинде Баткен облусунда иш-аракеттердин планы кабыл алынган.

Ага ылайык, “жашыл” экономиканы жана технологияны жайылтуу, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билимди өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактарда кырсыктардын алдын алуу боюнча чаралар каралган.

Белгилей кетсек, облус аймагында Баткен, Үч-Коргон, Лейлек, Арка токой чарбалары, “Саркент” Улуттук жаратылыш паркы, “Сурма-Таш” мамлекеттик коруктары өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп, жалпысынан 500миң гектардан ашуун токой фондун өнүктүрүүнүн үстүндө иш жүргүзүлүп келүүдө.


Жыйында тоолуу аймактардын ар тараптуу өнүгүүсү, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртаары белгиленип, бул багытта туризм жана айыл чарбасы артыкчылыктуу багыт катары каралды.