Эки министрге «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Чуйская область
Эки министрге «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды
Бүгүн, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн эки министр «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды.

Наамды Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тапшырды. 

Алар:

- Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри. 


- Бообек Ажикеев — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;


Облус жетекчиси сыйлык тапшыруу аземинде куттуктоо сөз сүйлөп, министрлердин эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.


*****
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы