Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү
27-июня 2024, 16:34
2024 жылдын 27 - июнунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте, муниципалдык инспекциянын катышуусу менен “атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Рейддик иш чаралардын жүрүшүндө 14 автоунаа текшерилип, натыйжасында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 234 – беренесине ылайык 7500 сомду түзгөн 1 протокол түзүлдү. Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш чаралар улантылат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.