Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чуйская область
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү
2024 жылдын 22-майында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Аламүдүн району боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында Кыргыз-Орус Славян университетинин кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги рейд жүргузулдү.


Рейддик иш чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын  “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 234 – беренесине ылайык 7500 сомду түзгөн 1 протокол түзүлдү.  Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш чаралар улантылат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.