КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АЛДЫН АЛУУ АРАКЕТТЕРИ

Таласская область
КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АЛДЫН АЛУУ АРАКЕТТЕРИ

26-апрелде  КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында  жаратылыш коргоочуларынын катышуусуна коррупцияга каршы жыйын өткөрүлдү. 

Иш-чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2024-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Ага КР экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Какешов, биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин орун басары Талант Турдуматов, департаменттин бөлүм башчысы Азат Осмонов, ушул эле департаменттин башкы адистери Руслан Нарынбек уулу, Элмира Бекбаева жана Талас регионалдык башкармалыктын кызматкерлери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлерине коррупциянын алдын алууну жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, анын себептерин жоюу боюнча баяндамалар жасалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга кошумча коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу,   коррупция сыяктуу көйгөйлөргө каршы бирдиктүү иш – аракеттин негизинде күрөшүү боюнча сунуш-пикирлер, кеп-кеңештер айтылды.