Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий иш сапары менен Талас облусунда болду

Таласская область
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий иш сапары менен Талас облусунда болду

21-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий иш сапары менен Талас облусунда болду. Сапардын алкагында ал Талас облусунун өнүгүү программасынын жүрүшү менен таанышып, бир катар маанилүү объектилерди кыдырды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович жана башка тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.

Сапардын негизги бөлүгүндө делегация Талас районунда жайгашкан Жерүй алтын кенине барып, “Альянс Алтын” ЖЧКсынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Компаниянын өкүлдөрү кен казуу, кайра иштетүү жана экологиялык коопсуздук боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти.