Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев иш сапары менен Нарын облусуна келди

Нарынская область
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев иш сапары менен Нарын облусуна келди

Иш сапардын алкагында министр «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркына барып, алдыда жүргүзүлө турган реконструкциялоо иштерин жеринен карап чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана паркты заманбап талаптарга ылайыктоо маселелери талкууланды. Министр М.Машиев дубан башчысы Н.Сатаров менен жолугушуп, жаратылыш парктарын өнүктүрүү жана аймактагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча пикир алышты.


Мындан тышкары, министр Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, башкармалыктагы учурдагы көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун жана алдыда аткарыла турган иштерди талкуулады.


Иш сапардын жыйынтыгында министр М.Машиев тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берип, аймакта экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар күчөтүлө турганын белгиледи.