Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды улантууда

Чуйская область
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы  иш-чараларды  улантууда

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу   Борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери арасында коррупциянын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында семинар-тренинг өткөрүлдү.


КР ЖРЭТКМнин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б.Д. Какешов, «Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу» деген темада доклад жасады.


Ошондой эле КР ЖРЭТКМинин ички иликтөөлөр секторунун башчысы Ж.Б. Сыдыков Семинардын жүрүшүндө өлкөбүздө коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, боюнча кеңири маалымат берди.

Коррупциянын саясий жана экономикалык мүнөздөгү  көйгөйлөрүн социалдык терс көрүнүш катары түшүнүү , ар бир адам үчүн маанилүү жана биз өз ишибизде коррупцияны азайтуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүшүбүз керек.