Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов Жаратылыш ресурстары министрлигинде лекция окуду

Чуйская область
Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов Жаратылыш ресурстары министрлигинде лекция окуду

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов келип министрликтин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президенти, С. Жапаровдун   2021-жылдын 29 январындагы №1 “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашырылышы тууралуу лекция окуду. 

Лекциянын жүрүшүндө министрлик алып барып жаткан жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча кызыктуу баяндар айтылып, улуттун нарктуулугу, каада-салты, адамдардын мамилеси жана башка көптөгөн кызыктуу темалар боюнча ой-толгоолор менен бөлүштү.

Аталган иш-чарага министр М.Машиев баштаган министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын жана министрликтин алдындагы ведомстволордун, кызматтардын өкүлдөрү катышты.