Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү
23-сентября 2025, 15:50
2025-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара министрдин орун басары А. Райымкулованын жетекчилиги алдында жалпы министрлик жамаатынын катышуусунда уюштурулду.
Мамлекеттик тил – бул Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук баалуулук, биримдиктин, улуттук өз алдынчалуулуктун жана руханий мурастын символу болуп эсептелет.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, колдоо жана кеңири колдонууга шарт түзүү боюнча пикирлер айтылып, мекемеде мамлекеттик тилдин орду жана ролу дагы бир ирет баса белгиленди.
Министрлик мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантып, ар бир кызматкердин мамлекеттик тилде эркин жана туура сүйлөөсүн камсыз кылуу максатын көздөйт.