Нооруз майрамыңыздар менен

Чуйская область
Нооруз майрамыңыздар менен

Урматтуу кыргызстандыктар!


Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жалпы  жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан  Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Байыртадан Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы.   Байыркы ата-бабаларыбыз Жалган курандын 21-де күн менен түн теңелип, күн узарып, жаңы-жыл келди деп майрамдашкан. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылышкан. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулушкан. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечиришкен. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына,  досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдиришкен.

Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын.

Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болуп , жаратылышыбыздын кооздугун кѳздүн карегиндей сактап , өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн аракеттенүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Улуу күндө үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер , ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылык жана жергебизде тынчтык болсун.



                                                                          Министр М. Тургунбаев .