Окуучулар арасындагы “Экология балдардын көзү менен” сынагы жыйынтыкталды

Чуйская область
Окуучулар арасындагы “Экология балдардын көзү менен” сынагы жыйынтыкталды
2025-жылдын апрель айларында өлкө боюнча мектеп окуучуларынын арасында “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт сынагы өткөрүлүп, жалпы жонунан 1704 чыгарма кабыл алынган. Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарындагы балдар жигердүү катышып, табиятты сүйүү жана коргоо боюнча өз көз караштарын сүрөт аркылуу чагылдырышкан. Талас облусундагы окуучулары дагы активдүү катышып байгелүү орундарды ээлешкен.

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын Үсөнбай Акынбеков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Бактыбекова Айдай 2-орунду ээлеп тигүүчү машина менен сыйланды. Ал эми Таш-Кудук айылынын Мамбет уулу Абдрахман атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучусу Кыялбеков Билал 3-орунга ээ болуп кызыктыруучу белектерге ээ болду.