Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Джалал-Абадская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын Чаткал районунун аңчы-адиси, Чаткал району боюнча УКМК кызматкери жана Чаткал районунун мамлекеттик жол кыймыл кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам рейд жүргүзүү учурунда Чаткал-Бишкек жолунда мамлекеттик № 04 144 АВМ Мерседес “Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерүү учурунда төмөнкү факт аныкталган:

Автоунаанын ичинен мыйзамсыз даярдалган КР Өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-майындагы № 270  менен кабыл алынган “Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” Токтому менен тыюу салынган Эндик (Макротомия Macrotomia) өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз алып бара жаткандыгы аныкталган. Түшүрүп таразага тарткан учурда  770 (жети жүз жетимиш) килограммды түзгөн. Жеринде акт түзүлүп, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 Токтомунун негизинде эсептөөлөр жүргүзүлүп 1 155 000 (бир милион бир жүз элүү беш миң) сомдук доо салынган. Ошондой эле КР Укук бузуулар кодексинин 264-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө Протокол толтурулуп 5 500 (беш миң беш жүз) сомдук айып пул салынган. Бүгүнкү күндө жогорудагы иш боюнча материалдар Чаткал райондук РИИБ тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.