Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Иссык-Кульская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

ЖРЭжТКМ Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө  корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана NABU-Кыргызстандын мыйзамсыз аңчылыкка каршы “Барс Тобу”нун кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 11-июнунда,  Жети-Өгүз районунун  Сырт өрөөнүнө рейд жүргүзүлүп, рейдтик иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылыш мыйзамдарын бузган  жаран аныкталып, тактап айтканда   жапайы тоо эчкини мыйзамсыз олжологон Жети-Өгүз районунун  тургуну   кармалып 100 000 сомдук доо коюлуп. Чогултулган материалдар жана ок атуучу куралдары кошумча иликтөө үчүн Жети-Өгүз  РИИБнө  өткөрүлүп берилди.