Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Иссык-Кульская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык – Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024- жылдын 30-апрелиндеги №89 тескемесиндеги «2024- жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана ийгиликтүү өткөрүү максатында» деген тескемеге ылайык 4-июнда 2024-жылы Чолпон – Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык -Көл» санаторийинин жыйындар залында, саркынды сууларды тазалоочу жайларынын сапаттуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында операторлор үчүн Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуу жайларынын тазалоо курулмаларын натыйжалуу пайдалануу, тазалоо курулмаларын техникалык тейлөөдөгү көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору - аталыштагы окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарга КР ЖРЭТК министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы - М.Кыштообаев, «Бинтек» ЖЧКнун директору - Т.Медербеков, Ысык-Көлдөгө Орхус борборунун менеджери Турсунакунов С., «ЭКО Старт» ЖЧКнун инженери С. Земляков жана эс алуу жайлардын, конок үйлөрдүн операторлору, жеке ишкерлер катышышты.

Окутуу семинардын максаты: саркынды сууларды тазалоочу жайларынын сапаттуу иштөөсүн камсыз кылуу, угуучулардын тазалоочу курулмаларынын оператордукка кесиптик даярдыгын баалоо, Семинарды КР ЖРЭТК министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы - М.Кыштообаев ачып берди. 2 Семинардын башталышында Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, Орхус конвенциясы, борбордун 2022-2023-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча презентация жасап, катышуучуларга кеӊири маалыматтарды берди.

Андан соӊ, «Топас» тазалоо курулмасы боюнча адис - К.Байтиков «Бинтек» компаниясынын тазалоо курулмалары, ар түрдүү технологияларды колнонуу менен көптөгөн эс алуу жайларда («Каприз», «Дельфин», «Кумтөр», «Орбита»,) куруп келе жаткандыгы туурасында айтып, компаниянын атынан дүйнөлүк экспертизадан өткөн 3 технологияны сунуштады жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Кийинки сөз саркынды сууларды тазалоо курулмалары боюнча эксперт Бектурганов Урмат Казатовичке берилип, Ысык – Көл областындагы эс алуу жайлары жана аларда орнотулган тазалоо курулмалардын иштөөсү жөнүндө статистикалык маалымат менен тааныштырды. Тазалоо курулмалардын түрлөрү жөнүндө айтып, презентация аркылуу алардын иштөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө кенен маалымат берди.

Кийинки сөз «ЭКО Старт» ЖЧКнун инженери Земляков Сергей Васильевичке берилди. Ал өз сөзүндө иш практикаларында колдонуп жана орнотуп келген мембраналык типтеги тазалоо курулмалар жөнүндө кеӊири айтты.

Семинардын акырында баардык катышуучулар "Каприз" жана "Борбор"пансионаттарынын тазалоочу курулмаларына барып, алардын иштөөсү жана өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.