Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ошская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы коомдук мончолорго от казандардын кооптуулугун жана атмосфералык абанын булгануусунун алдын алуу боюнча төмөнкүдөй билдирүү каттары менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Анда, Бөөдө кырсыктардан сактоо, откана жана отказандарды куруу жана монтаждоодо, тууралоо, оңдоодо, техникалык түзүлүштөрдү, басым алдындагы идиштерди, суу жылыткыч отказандарды, газдаштырылган отказандар, буу жана ыссык суу түтүктөрүн  иштетүүдө, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, Эклогиялык жана техникалык кызматы, “Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жонүндө” Жобонун негизинде КР Министрлер Кабинетинин №338 24.12.2021ж.  Токтому менен бекитилген жана  КР №160 2 август 2016ж. Мыйзамынын негизинде, мончо жана сауна ээлери төмөндөгү иш-чараларды өткөрүүсү зарыл:

- Отказандардын паспортунда көрсөтүлгөн иштетүү мөөнөтү өтүп кеткен отказандарды иштетүүгө тыюу салынат.

- Кооптуу өнөр жай объектерине (кочегарлыка) жумушка 18 жаштан жогору, атайын окуу борборунан окуудан өткөн, медициналык текшерүүдөн өтүп талапка жооп берген адамдар  алынат.

От казанга төмөндөгү талаптардын аткарылышы зарыл:

- Откананын пайдаланууга берилген мамкомиссиянын актысы;

- От казандардын паспорту;

- От казандарды иштетүүдө коопсуздук боюнча жоопкер адамга чыгарылган буйрук;

- От казандагы табличкада көрсөтүлүшү керек:

- От казандын маркасы;

- заводдон чыгарылган жылы;

- заводдук номери;

- уруксат параметрлери (рабочий давлениясы, температура);

- катталган рег.номери;

- гидравликалык сыноонун кезектеги датасы;

- От казандын гидравликалык сыноодон өткөндүгү боюнча актысы;

- Манометрдин госповеркадан өткөндүгү жөнүндө күболүгү (госстандарт);

- Насостун комплектүүлгү – 2 даана;

- Поддувной вентилятор;

- Вытяжной вентиляция;

- Термометр;

- Обратный клапан;

- Автоматический воздухоотводчик;

- Расширительный бактагы суунун көрсөткүчү;

- Инструкциялар;

- Кочегарларды дайындоо буйругу;

- Кочегарлардын медсправкасы;

- Кочегарлардын атайын окуудан өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү;

- Техникалык коопсуздук журналы;

- Нөөмөт журналы.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы №59 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын атмосфералык абаны коргоо боюнча жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Атмосфералык абаны коргоо” жөнүндө мыйзамынын 14, 22, жана 23 беренелери, “Айлана чөйрөнү коргоо” жөнүндөгү мыйзамынын 4, 46- беренелеринин негизинде

- атмосфералык абаны коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону;

- атмосферага булгоочу заттардын жол берилүүчү чектелген жана убактылуу макулдашылган чыгарууларынын (ЖЧЧ/УМЧ) ченемдерин өз убагында иштеп чыгууну (кайра иштеп чыгуу), макулдашууну жана бекитүүнү жана курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынан атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга белгиленген мөөнөттө уруксат алууну;

- чыгарууларды кыскартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана аткарууну;

- атмосфераны булгоочу булактарга жана чаң-газ тазалоочу орнотмолорду (фильтер) орнотууну;

- атмосферага чыгарылган булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмалардын, жабдуулардын жана аппаратуралардын үзгүлтүксүз натыйжалуу иштөөсүн жана оң абалда кармоону;

- атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгуусунун жана чаңдардын бөлүнүүсүнүн ургалдуулугун төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү;

- от казандарга от жагууда синтетикалык калдыктар, тигүү калдыктары, авто шиналар, жана башка тыюу салынган зыяндуу заттарды жакпоого;

Ошондой эле, жогорудагы эрежелер аткарылбай, отказандарды иштетүүдө кооптуулук жаралып, атмосфералык абага зыян келтирилген же башка мыйзам бузуучулук аныкталып, арыз даттануулар түшкөн учурда, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мыйзамдарына ылайык, мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди.