Соң-Көл корук участогунун Батай-Арал кыдырмасында жергиликтүү жашоочуларга, малчыларга экологиялык агартуу , экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарынская область
Соң-Көл корук участогунун Батай-Арал кыдырмасында жергиликтүү жашоочуларга, малчыларга экологиялык агартуу , экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 15-июнь күнү  Соң-Көл корук участогунун Батай- Арал кыдырмасында жергиликтүү жашоочуларга, малчыларга "Орхус" борборунун Нарын облусундагы  координаторунун демилгеси менен Нарын регионалдык башкармалыгынын башчысы Р.Токталиевдин жана К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлеринин катышуусунда  экологиялык агартуу , экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш чарада "Орхус" борборунун негизги ишмердүүлүгү, ошондой эле жаратылыш коруктары  , андагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр, жалпы эле жүргүзүлүп жаткан  иштери боюнча кененирээк маалымат берилип,  турмуш тиричилик калдыктарын полимер баштыктар,  желим бөтөлкөлөр, айнек идиштерди бөлүп сорттоо боюнча ал жакта  жашаган жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чаранын аягында суроолор  жооптор талкууга алынып, "Орхус" борборунун Нарын облусу боюнча координаторуна ЖРЭТКМин "Кызматташтык" төш белгиси сыйлыгы менен сыйланды.