ТАЛАСТА «КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ
15-ноября 2024, 10:20
14-ноябрда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң залында жаратылыш коргоочулары үчүн «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» темасында эл агартуу семинары өттү.
Иш-чара 9-декабрь – Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупцияга каршы иш-планына ылайык уюштурулду.
Ага министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Д. Какешов, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Э. Б. Умаралиев, Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Б. М. Ашимов жана «Беш-Таш», «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлери катышты.
Анда Б. Д. Какешов коррупцияны алдын алуу багытында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» темасы боюнча баяндама жасап, кызматкерлерди коррупцияны алдын алууга жана аны менен күрөшүүгө, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин жоюуга чакырды. Ошону менен бирге Э. Б. Умаралиев жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы заманбап чараларды иштеп чыгуу багытында кошумча кеңештерди берди. Өз кезинде Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Б. М. Ашимов коррупция сыяктуу көйгөйлөргө каршы бирдиктүү иш – аракет жүргүзүү зарылдыгын айтты.
Жыйын соңунда катышуучулар тарабынан анти-коррупциялык чараларды жакшыртуу боюнча бир катар суроолор берилип, жандуу талкуулар жүргүзүлдү. Буга кошумча катышуучулар коррупциянын кесепеттерин жоюуга өз салымдарын кошорун айтып, семинардан бир катар пайдалуу маалыматка ээ болгондугун билдиришти.