«Уңгу жол» улуттук өнүгүү жарлыгы Ысык-көлдө жаңырды
27-августа 2025, 13:50
2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруунун жана «Уңгу жол» улуттук дем жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл жээгинде ири масштабдагы «Таза жээк» экологиялык акциясы 2025 жылдын 22 августанда, өткөрүлдү.
Аталган иш-чара “Уңгу жол” доктринасынын “Айлана-чөйрө” боюнча Жартылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин милдети катары жер-жерлерден келген Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, Кыргыз геология кызматынын, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын, регионалдык башкармалыктардын, борбордук аппараттын кызматкерлерине министрдин биринчи орун басары К.Касейинов презентация жасап, программанын негизги багыттарына токтолуп өттү.
Мындан тышкары доктринада “экономика”, “мамлекеттик тил”, социалдык карым-катнаш”, “дин”, дене-тарбир жана спорт, кыргыз жери, кыргыз эли, “улуттук ар намыс-жарандык патриоттуулук”, “кыргыз жаранынын башкы баалулуктары” тууралуу кеңири талкуу жана пикир алмашу болду.
К.Касейинов «Уңгу жол» улуттук өнүгүү жарлыгы менен кызматкерлерди кеңири таанышууга адамдын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө программанын салымы чоң экенин жана мындай иш-чаралар министрликте байма-бай өткөрүлүп келээрин, мындай өңүттөгү иш-чаралар дагы да көп өткөрүлөөрүн К. Касейинов баса белгилеп өттү жана улуттук ар намыс жарандык патриоттуулукту жан дүйнөбүздү өнүктүрөлү деп чакырык жасады.
Жарлыктын негизги маанисинен үзүндү – “Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура өзүнө гана таандык баалуулуктарыжана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги Жарлыктын негизги маанисинен үзүндү – “Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги өбөк болуп берди”.