Жаратылыш ресурстары, экология жара техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаевдин 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосу!

Чуйская область


Кадырман Кыргызстандыктар!
Сиздерди чын дилимден 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жана жеке ɵзүмдүн атымдан чын жүрɵктɵн куттуктайм!
Мындан туура 34 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз тɵрт жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.
Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган чоң кадам болгонун айта кетишибиз керек.
Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз.
Мамлекетибиздин жетекчилигинин  тил саясатын жүргүзүүдɵ жалпы элибиздин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу ɵнүгүүсүнɵ болгон күч-аракеттерди жумшаганы сүйүндүрбɵй койбойт.
Азыркы күндɵ тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды жана бул багытта олутту ийгиликтер дагы да болорунда шек жок.
Дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!