Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өлкөнүн эң таза аймактарын аныктоо үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурстун номинациялары:
- «Эң таза шаар».
- «Эң таза айылдык аймак».
Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери:
- Экологиялык акцияга коомдун ар кандай өкүлдөрүнүн (калк, ыктыярчылар, уюмдар, ишкерлер жана башкалар) кеңири тартылышы;
- Жалпы тазаланган аймактын көлөмү (тоо аймактары, мөңгүлөр, жашыл зоналар, туристтик объектилер, коомдук жайлар, суу жээгиндеги аймактар эске алынат);
- Калдыктарды бөлүп чогултуу принциптерин сактоо (3төн ашык түрүн бөлүү);
- Жыйналган калдыктарды кайра иштетүүгө берүү (пластик, металл, айнек, кагаз);
- Аймакта тазалыкты колдогон маалыматтык-нагляддык материалдардын болушу (билборддор, стенддер, LED-экрандар, пластик колдонууга тыюу боюнча маалыматтар, белгиленген урналар);
- Маалыматтык-агартуу кампанияларын өткөрүү (мектепке чейинки, мектептик, билим берүүчү жана башка уюмдарда);
- Аймакта калдыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу (гранттар жана эл аралык донорлорду тартуу менен);
- Жашыл көчөттөрдү массалык отургузуу (өстүрүлүп кетүү деңгээли эске алынат);
- Үлгүлүү таштанды полигонынын болушу (ПРД, трансформация, тосмолор, техниканын камсыздалышы);
- Аймакта үлгүлүү кайра иштетүүчү ишканалардын болушу же киргизилиши.
Маанилүү!
Берилген бардык жыйынтыктар фото жана видео материалдар, тастыктоочу документтер менен коштолушу зарыл жана Министрликтин кызматкерлери тарабынан жеринде текшерилет.
Конкурстун башкы сыйлыктары:
- 1-орун — мусор ташуучу унаа (HOWO).
- 2-орун — сорттоо линиясы.