КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун ишке ашыруу бөлүмү “Бишкек (6) жана Ош (1) шаарларындагы абанын булганышын көзөмөлдөө станцияларды модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу” боюнча тендер жарыялайт.
11-август 2026, 17:36
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (КР ЖРЭТКМ) алдындагы «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү квалификациялык талаптар менен бааларды сунуштоо ыкмасы аркылуу конкурстук сооданы жарыялайт жана катышуучуларды мамлекеттик сатып алуулар порталында https://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=583436235 «Бишкек шаарындагы (6) жана Ош шаарындагы (1) абанын булганышын көзөмөлдөө станцияларды модернизациялоо үчүн жабдууларды» жеткирүүгө конкурстук сунуштарын берүүгө чакырат. Пакеттин номери: №260811583436235.
Конкурстук сунуштарды ачуу мамлекеттик сатып алуулар порталында 2026-жылдын 18-августунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө жүргүзүлөт.
Маалымат алуу үчүн байланыш маалыматтары:
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, 115-кабинет.
Электрондук почта дареги: aqip.procur@gmail.com