КР ЖРЭТКМ Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде юридикалык жактарга аңчылык чарбасын жүргүзүү укугун берүү боюнча комиссиянын курамына киргизүү үчүн экологиялык БӨУ талапкерлерди кабыл алууну жарыялайт

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде юридикалык жактарга аңчылык чарбасын жүргүзүү укугун берүү боюнча комиссиянын курамына киргизүү үчүн экологиялык бейөкмөт уюмдардан (мындан ары – БӨУ) талапкерлерди кабыл алууну жарыялайт. 

Талапкерлерди кабыл алуу жана каттоо 2026-жылдын 24-ноябрынан 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат алуу жана талапкерлерди көрсөтүү маселелери боюнча Торогелдиев Элчибек Досумбековичке төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, 146-кабинет. 

Байланыш телефону: 0509 12 51 52.