Атайын сатып алуулар жөнүндө билдирүү - абанын булганышын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган мониторинг станцияларды модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу, тендер/конкурска катышууга чакыруу

Чүй өрөөнү
Атайын сатып алуулар жөнүндө билдирүү - абанын булганышын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган мониторинг станцияларды модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу, тендер/конкурска катышууга чакыруу

Атайын сатып алуулар жөнүндө билдирүү
 
 

Абанын булганышын көзөмөлдөөчү

автоматташтырылган мониторинг станцияларды модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу – Бишкек ш. (6), Ош ш. (2), Кара-Балта ш. (1), Токмок ш. (1), Чолпон-Ата ш. (1), жалпысынан 11 даана

Тендер/конкурска катышууга чакыруу


 Жабдуулар/Орнотуу

Долбоорлоо, жеткирүү жана орнотуу


 (Алдын ала квалификациялоосуз эки конверттүү сунуш берүү процесси)


ЖАБДУУЛАРДЫ САТЫП АЛУУ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН БЕРҮҮГӨ СУРАНЫЧ (RFQ)


Тапшырык ээси: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлиги 

Долбоор: «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу»

Контрактын аталышы: Кыргыз Республикасында абанын сапатын мониторинг жүргүзүү системасын жакшыртуу 

Өлкө: Кыргыз Республикасы

Контрактын номери (Сатып алуулар планына ылайык): AQIP/1.1/RFB/INT 1-2026

Чыгарылган күнү: 2026-жылдын 4-марты


  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк банктан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоору боюнча чыгымдарды жабууга каржылоо алды жана каражаттын бир бөлүгүн "Кыргызстанда абанын сапатын жана метеорологиялык мониторингдин инфраструктурасын модернизациялоо" контракты боюнча төлөөгө пайдаланууну көздөйт.
  2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (КР ЖРЭТКМ) долбоорлоо, жеткирүү жана орнотуу боюнча квалификациялуу катышуучулардын тендерге кызыкдар экендигин билдирүүгө чакырат.поставку. 

Абанын булганышын автоматташтырылган монитоинг станциялар – Бишкек ш. (6), Ош ш.  (2), Кара-Балта ш. (1), Токмок ш. (1), Чолпон-Ата ш. (1), жалпысынан 11 даана, төмөнкү элементтерди камтыйт:элементы: 

  • Абанын булганышына мониторинг жүргүзүү станцияларын (АБМС) модернизациялоо үчүн жабдуулар;
  • Атмосфералык абадагы булгоочу заттарды талдоо жана өлчөө үчүн лабораториялык жабдуулар жана приборлор;
  • Атмосферанын чек ара катмарындагы температуралык инверсияны өлчөөчү прибор.


  1. Тендер Дүйнөлүк банктын 2023-жылдын сентябрындагы Инвестициялык каржылоо долбоору боюнча карыз алуучуларды (IPF карыз алуучуларын) сатып алуу эрежелерине ("Сатып алуу эрежелери") ылайык, Тендердик сунуштарды суроо (RFB) жол-жобосун колдонуу менен эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү сатып алуулар аркылуу өткөрүлөт жана Сатып алуу эрежелеринде аныкталгандай, бардык укуктуу тендерге катышуучулар катыша алышат.
  2.  Сунуштар тендердик документтерде белгиленген баалоо жол-жобосуна ылайык бааланат. Баалоо критерийлерине (техникалык жана баа эмес факторлорду кошо алганда) төмөнкү салмактык коэффициенттер колдонулат: 20%, ал эми сунуштун баасына: 80%. 
  3. Заинтересованные 5. Белгиленген критерийлерге жооп берген кызыкдар катышуучулар кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика, транспорт жана айлана-чөйрө министрлигинин алдындагы Долбоорду ишке ашыруу департаментинен же aqip.procur@gmail.com жана airqualitypiu@gmail.com электрондук почталары аркылуу ала алышат. Ошондой эле, алар тендердик документтерди жумуш убактысында саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча карап чыга алышат. Эркиндик бульвары 2, 115-кеңсе, Бишкек, Кыргыз Республикасы., кабинет 115 
  4. Белгиленген талаптарга жооп берген кызыкдар катышуучулар тендердик документтерди англис жана орус тилдеринде төмөндөгү дарекке жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү менен ала алышат. Документ электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
  5. Сунуштар төмөндөгү дарекке 2026-жылдын 22-апрелинде саат 14:00дөн (жергиликтүү убакыт боюнча) кечиктирилбестен жеткирилиши керек. Сунуштарды электрондук түрдө берүүгө уруксат берилбейт. Кечиктирилген сунуштар четке кагылат. "БАШТАПКЫ СУНУШ" деп белгиленген тышкы сунуш конверттери жана "ТЕХНИКАЛЫК" деп белгиленген ички сунуш конверттери 2026-жылдын 22-апрелинде саат 14:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) төмөндөгү даректе катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана катышууну каалаган башка адамдардын катышуусунда ачык ачылат. "ФИНАНСЫЛЫК" деп белгиленген бардык конверттер ачылбай калышы керек жана экинчи сунуш ачылганга чейин Иш берүүчү тарабынан коопсуз жерде сакталат.
  6. Бардык сунуштар 45 000 (Кырк беш миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү "конкурстук кепилдик" менен коштолушу керек.
  7. Сатып алуулар боюнча эрежелерге ылайык, Карыз алуучу контракт ыйгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнүн алкагында жеңүүчү катышуучунун бенефициардык ээлик кылуучулары жөнүндө маалыматты ачыктоого тийиш. Бул үчүн тендердик документацияга киргизилген бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү формасы колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоору.

Абдылдаева Гүлнара Орозбековна КР ЖРЭТКМ ДИАБдын директору

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, 115-кеңсе.

Телефон: +996 (554) 105002

Электрондук почта: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com.

icon

Объявление_русс

17.93 KB

icon

Объявление_кырг

20.26 KB

icon

Specific Procurement Notice

32.71 KB