САТЫП АЛУУЛАРГА/ТЕНДЕРГЕ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ - Чакан жумуштар (эки конверттүү сатып алуу процедурасы) - КОНКУРСДУК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП
24-сентябрь 2026, 17:53
САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ АТАЙЫН БИЛДИРҮҮ
Бишкек шаарында заманбап лабораторияны жана Маалыматтарды иштетүү борборун (МИБ) куруу үчүн жумуштарды сатып алуу
САТЫП АЛУУЛАРГА/ТЕНДЕРГЕ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ
Чакан жумуштар
(эки конверттүү сатып алуу процедурасы)
КОНКУРСДУК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП
Буйрутмачы (сатып алуучу): Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ) «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында.
Долбоор: «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу»
Келишимдин аталышы: Бишкек шаарында заманбап лабораторияны жана Маалыматтарды иштетүү борборун куруу
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Келишимдин номери (Сатып алуулар планына ылайык): AQIP/1.2/W/RFB/N4-2025
Чыгарылган күнү: 2026-жылдын 24-сентябры
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк тарабынан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун наркынын эсебинен каржылоо алды, жана Бишкек шаарында заманбап лабораторияны жана Маалыматтарды иштетүү борборун куруу үчүн №AQIP/1.2/W/RFB/N4-2025 контракттары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каражаттардын бир бөлүгүн колдонууга ниеттенүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ) ушул аркылуу укуктуу Катышуучуларды Бишкек шаарында заманбап лабораторияны жана Маалыматтарды иштетүү борборун куруу боюнча иштерди сатып алууга чапталган конкурстук сунуштарды берүүгө чакырат.
Келишимди ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 12 (он эки) айды түзөт
Катышкан учурда Катышуучу Кыргыз Республикасынын Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген, имараттарды жана курулмаларды куруу боюнча жоопкерчилик деңгээли көрсөтүлгөн ишкананын тиешелүү Лицензиясын (көчүрмөлөрүн) бериши керек.
Тендерге катышуучулар тендердик документацияда каралган товарлардын/жумуштардын
жана кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтому боюнча Конкурстук сунуш берүүгө тийиш. Өзүнчө позициялар же алардын бир бөлүгү боюнча сунуштарды берүүгө жол берилбейт. Сатып алуунун толук көлөмү боюнча аларга контракт ыйгарылган учурда арзандатуу сунуштоону каалаган тендерге катышуучулар мындай арзандатууну Конкурстук сунуш берүү жөнүндө катта так көрсөтүүгө жана анын тендердик документациянын талаптарына ылайык келишин камсыз кылууга тийиш.
Тендер «Дүйнөлүк банктын ФИП карыз алуучулары үчүн сатып алуулар жөнүндө жобосуна» ылайык, 2023-жылдын сентябрь айында жарыяланган (2025-жылдын февраль айында кайра каралган), («Сатып алуулар жөнүндө жобо») Тендерге катышууга чакырууну (ТКЧ) колдонуу менен улуттук конкурстук соода-сатыктардын алкагында өткөрүлөт жана Сатып алуулар жөнүндө жободо аныкталган бардык тендерге катышуучулар үчүн ачык болот.
Тендерге катышууга кызыкдар болгон жана талаптарга жооп берген катышуучулар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнөн кошумча маалымат ала алышат. Бул үчүн ДИАБдын директору Абдылдаева Гүлнарынын атына суроо-талап жөнөтүп, төмөнкү электрондук даректер аркылуу кайрылса болот: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com, seidanasn@gmail.com. Ошондой эле тендердик документация менен төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча жумуш убактысында, саат 09:00дөн 17:30га чейин (Бишкек убактысы) таанышууга болот.
Орус тилиндеги тендердик документацияга кызыкдар болгон жана талаптарга жооп берген тендерге катышуучулар документтерди алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнмөсүн төмөнкү электрондук даректерге: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com, seidanasn@gmail.com жөнөткөндөн кийин ала алышат. Тендердик документация электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Конкурстук сунуштар төмөндө көрсөтүлгөн дарекке 2026-жылдын 26-октябрында саат 14:00гө чейин жеткирилиши керек. Электрондук соода-сатыктарга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар четке кагылат.«СУНУШТУН ТҮП НУСКАСЫ» деп белгиленген конкурстук сунуштар салынган тышкы конверттер жана «ТЕХНИКАЛЫК БӨЛҮК» деп белгиленген ички конверттер 2026-жылдын 26-октябрында саат 14:00дө төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча тендерге катышуучулардын дайындалган өкүлдөрүнүн жана катышууну каалаган бардык адамдардын катышуусунда ачык түрдө ачылат.
«ФИНАНСЫЛЫК БӨЛҮК» деп белгиленген бардык конверттер ачылбаган бойдон калууга жана конкурстук сунуштарды экинчи жолу ачык ачканга чейин Заказчы тарабынан коопсуз жерде сакталууга тийиш.
Бардык конкурстук сунуштар Конкурстук сунуштун кепилдик декларациясы менен коштолууга тийиш.
Сатып алуулар жөнүндө жободо Зайымчы контракт ыйгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнүн алкагында жеңүүчү деп табылган тендерге катышуучунун бенефициардык менчигине байланыштуу маалыматты тендердик документацияга киргизилген Бенефициардык менчик жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү формасын колдонуу менен ачыкка чыгаруу талап кылынган жоболорго көңүл бурулат.
Жогоруда аталган дарек:
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдында
Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 2, 115-кабинет.
Телефон: + 996 (554) 105002, +996 (999) 089000
Электрондук почта: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com, seidanasn@gmail.com