📢 КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Кыргыз геология кызматы 2021–2024-ж. үчүн лицензияны кармагандыгы үчүн жыйын боюнча такташуу актыларын жүргүзүү зарылдыгын эскертет
26-ноябрь 2025, 10:38
Чүй өрөөнү
Кыргыз геология кызматы 2021–2024-жылдар үчүн лицензияны кармагандыгы үчүн жыйын боюнча такташуу актыларын жүргүзүү зарылдыгын эскертет. Аткаруу мөөнөтү – 20.12.2025-жылга чейин.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № ПЖ-370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, республиканын аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн.
Ушуга байланыштуу «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынан айыл аймактарынын такталган чек аралары боюнча маалымкат алуу зарыл.
- Алгач тиешелүү айыл аймактары менен салыштыруу актысын түзүү керек.
- Ушул маалыматтардын негизинде гана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматы менен салыштыруу акты түзүлөт.
❗ Бул процедура бардык жер казынасын пайдалануучулар үчүн милдеттүү!
Суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын Экономика жана лицензияны кармагандыгы үчүн жыйын бөлүмүнө кайрылыңыздар.
📍 Байланыш: 0312 90 40 40 (1087)