СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ БОЮНЧА СУРОО-ТАЛАП (RFB): абанын булганышын мониторинг жүргүзүү үчүн автоматтык станцияларды сатып алуу / орнотуу, долбоорлоо жана жеткирүү
20-апрель 2026, 15:57
КУЛАКТАНДЫРУУ
СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ БОЮНЧА СУРОО-ТАЛАП (RFB):
абанын булганышын мониторинг жүргүзүү үчүн автоматтык станцияларды сатып алуу / орнотуу, долбоорлоо жана жеткирүү – Бишкек ш. (5), Ош ш. (2), Манас ш. (1), Кара-Балта ш. (1), Токмок ш. (1), Чолпон-Ата ш. (1).
(Эки конверттүү тендердик сунуштарды берүү жолдору, алдын ала квалификациясыз сүйлөшүү ыкмасын колдонуу менен)
Буюртмачы: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Долбоор: «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу»
Келишимдин аталышы: Кыргыз Республикасында абанын сапатын мониторингд жүргүзүү үчүн системасын жакшыртуу
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Келишимдин номери (Сатып алуулар планына ылайык): AQIP/1.1/RFB/INT 1-2026
AQIP/1.1/RFB/INT 1-2026 «Кыргыз Республикасында абанын сапатын мониторинг жүргүзүү үчүн системасын жакшыртуу» тендердик документтери мурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары – КР ЖРЭТКМ) сайтына 2026-жылдын 7-мартында пландуу түрдө жайгаштырылган.
Бул сатып алуу «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек ш. (5 даана), Ош ш. (2 даана), Манас ш. (1 даана), Кара-Балта ш. (1 даана), Токмок ш. (1 даана) жана Чолпон-Ата ш. (1 даана) шаарларында абанын булганышын мониторинг жүргүзүү үчүн автоматтык станцияларын долбоорлоо, жеткирүү, орнотуу жана пайдаланууга киргизүү иштерин камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ КР) тендердик документацияга өзгөртүүлөрдү киргизилгендигин жана 2026-жылдын 16-апрелинде №1 Толуктоо (Amendment №1) чыгарылгандыгын маалымдайт. Ошондой эле, жаңыртылган сатып алуу маалыматы тендердик документтер жана ага кирген No 1 Толуктоо менен бирге кайра жарыяланат.
Кызыктар катышуучулардан тендердик документация жана No1 Толуктоо менен таанышып, тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү 2026-жылдын 15-майына саат 14:00гө чейин (Бишкек шаарынын убактысы боюнча) узартылганын эскерүүгө, ошондой эле тендердик сунуштарды даярдоодо документациянын жаңыртылган редакциясын колдонушун өтүнөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке жазуу жүзүндө кайрылсаңыздар болот:
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинине караштуу «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору
Абдылдаева Гульнара Орозбековна
КР ЖРЭТКМне караштуу ДИАБнын директору
Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 2, 115-кеңсе
Телефон: +996 (554) 105002
Электрондук почта: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com