«Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы
25-март 2026, 13:49
"Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын расмий сайты
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруучу орган) саналат.
6. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: государственное предприятия "Кыргызгеология" при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: "State Enterprise "Kyrgyzgeology" under the Ministry of natural resources, ecology and technical supervision of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызгеология" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Кыргызгеология";
3) англис тилинде: "SE Kyrgyzgeology".
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720739, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
8. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, жарандык-укуктук келишимдерди, макулдашууларды, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
9. Ишкана финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
10. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары жана башка зарыл болгон атрибуттары бар.
11. Ишкана мамлекеттик милдеттенмелер боюнча өзүнө кепилдик алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
12. Ишкана белгиленген тартипте ушул Уставга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында геологиялык, инженердик жана өндүрүштүк партияларды түзүүгө укуктуу.
13. Ишкана геологиялык тасмага тартуу, кен чыккан жерлердеги пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин долбоорлоо жаатында, геофизикалык иштер, суу менен камсыздоо боюнча геологиялык чалгындоо жана гидрогеологиялык жумуштарды аткаруу, кен чалгындоо техникасын жасап чыгаруу, ошондой эле геологиялык чалгындоо процессинин бардык стадияларында жана этаптарында методикалык жардам көрсөтүү жаатында иш жүргүзөт.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча түз мамлекеттик заказды Ишкана тарабынан аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) ресурстарын казып алуучу тармактардын, илимдин, инновациянын, кайра иштетүүчү тармактардын тездетилген өсүшү үчүн жаңы технологиялардын потенциалын пайдалануу менен (ресурстук-экспорттук инновациялар, ресурстук инновациялар) кен чыккан жерлердеги пайдалуу кендерди комплекстүү прогрессивдүү геологиялык изилдөө жана иштетүү;
5) мурдагы изилдөөлөрдүн сунуштарын эске алуу менен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, геохимиялык, физикалык-географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрдүн комплексин талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын кеңейтүү.
15. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жер казынасын комплекстүү геологиялык изилдөө;
2) жаңы прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди киргизүү.
16. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) геология жаатында:
- пайдалуу кендердин ар кандай түрлөрүн геологиялык изилдөө, баалоо, картага түшүрүү, тасмага тартуу, издөө жана чалгындоо боюнча иштерди аткаруу;
- инженердик изилдөө иштеринин ар кандай түрлөрүн аткаруу;
- юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдер боюнча геологиялык чалгындоо иштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүү;
- техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- запастарды эсептөө менен геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду рецензиялоо;
- мурдагы изилдөөлөрдүн сунуштарын эске алуу менен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, геохимиялык, физикалык-географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрдүн комплексин талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын кеңейтүү:
- аймакты, келечектүү аянттарды жана кен чыккан жерлерди комплекстүү геологиялык изилдөө, издөөлөрдү тасмага тартуу, пайдалуу кендердин бардык түрлөрүн чалгындоо, чалгындалган кен чыккан жерлерди өнөр жайлык өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун негиздөө;
- адистештирилген геологиялык изилдөөлөрдү (литологиялык-стратиграфикалык, петрографикалык, түзүмдүк, геодинамикалык, геохимиялык, геоэкологиялык жана башка иштер) жүргүзүү;
- топографиялык-маркшейдердик, картографиялык жана башка геодезиялык иштерди жүргүзүү;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер алдындагы ыкмалар менен иштетүү;
- жердин кыртышында жана жер астындагы кен иштетилмелерде кенди чыгаруу менен же чыгарбастан вертикалдуу, жантайыңкы жана горизонталдуу геологиялык чалгындоо скважиналарын бургулоо;
- бургулоо жана жардыруу иштери менен чалгындоо штольняларын, ортторду, кесүүлөрдү, жер алдындагы камераларды салуу;
- геологиялык, кен иштери жана ага байланыштуу жумуштарга долбоордук-сметалык документтерди түзүү;
- өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарын жана өтө уулуу заттарды жүгүртүү;
- илимий жана экономикалык маселелерди чечүү үчүн геологиялык маалыматты алууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген геологиялык жана өндүрүштүк тапшырмаларды аткаруу;
- каражаттардын жана убакыттын минималдуу чыгымдары менен геологиялык тапшырманы аткарууну камсыз кылган алдыңкы технологияларды, изилдөө методдорун киргизүү;
- руда эмес жана түстүү таш сырьесунан продукция жасап чыгаруу жана сатуу;
- транспорттук кызматтарды көрсөтүү, атайын техниканы капиталдык жана учурдагы оңдоо;
2) геофизика жаатында:
- издөөлөрдү жүргүзүү, адистештирилген жер үстүндөгү жана аэрогеофизикалык тасмага тартуу, геологиялык-геофизикалык изилдөөлөрдү ар кандай методдор менен жүргүзүү;
- скважиналарда геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- геофизикалык изилдөөлөрдү топографиялык жана геодезиялык камсыздоо;
- чалгындоо максатында геофизикалык изилдөө;
- геофизикалык иштердин бардык түрлөрүнүн методологиясын жана технологиясын, анын ичинде кен чыккан жерлерди издөөнүн аба-геофизикалык, космостук жана жердеги методдорун иштеп чыгуу;
- геологиялык жана геофизикалык жумуштарды аткаруу жана геохимиялык издөөлөрдү жүргүзүү;
- издөө жана издөө-баалоо иштерин максаттуу жана натыйжалуу ишке ашыруу, өндүрүштүк жана илимий-изилдөө маселелерин чечүү үчүн геофизикалык маалыматтарды даярдоо;
3) геологиялык жана экономикалык изилдөөлөр жаатында:
- объектти изилдөө деңгээлине жараша болжолдонгон ресурстарды жана пайдалуу кендердин запастарын категориялар боюнча талдоо жана баалоо;
- геологиялык-издөө, экономикалык жумуштар, ошондой эле адистештирилген талаа, камералык жана тематикалык изилдөөлөр;
- геологиялык чалгындоо иштерине долбоорлорду түзүү;
- жер казынасын пайдалануучулар үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо;
- геологиялык чалгындоо иштерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана экономикалык баа берүү;
- басып чыгаруу иши, полиграфиялык жана тариздөө кызматтарын көрсөтүү;
- геологиялык чалгындоо процессинин бардык стадияларында жана этаптарында мамлекеттик башкаруу органынын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө методикалык жардам көрсөтүү;
- пайдалуу кендин өнөр жайлык маанисин жана казып алынган минералдык ресурстардын экономика үчүн потенциалдуу таасирин баалоо, ревизиялоо;
- геологиялык материалдарды чогултуу жана геологиялык материалдардын электрондук базасын түзүү;
- ар кандай масштабдагы геологиялык карталарды санариптештирүү, электрондук маалыматтар базаларынын сакталышын аны андан ары заказчыга берүү менен камсыз кылуу;
- минералдардын үлгүлөрүн чогултуу;
4) гидрогеология жаатында:
- жер астындагы тузсуз, термалдык жана минералдык сууларды издөө жана чалгындоо;
- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген геологиялык-гидрогеологиялык жумуштарды жүргүзүү, ошондой эле экзогендик геологиялык процесстерди изилдөө;
- суу чыгаруу үчүн скважиналарды долбоорлоо, бургулоо, тейлөө, оңдоо жана эксплуатациялоо боюнча жумуштарды келишимдин негизинде аткаруу;
- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жумуштарды жүргүзүү боюнча долбоорлорду түзүү жана келишимдин негизинде жер астындагы сууларга эксплуатациялык скважиналарды бургулоо;
- гидрогеологиялык маалыматтык материалдарды даярдоо;
- сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр боюнча жер астындагы суулардын абалына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
- эксплуатациялык запастарды, кен чыккан жерлер, гидрогеологиялык бассейндер жана административдик бөлүнүштөр боюнча жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу;
- "жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү;
- тузсуз жана минералдык суу алуучу скважиналарды каттоо жана эсепке алуу;
- ичүү багытындагы суу топтогучтардын катуу режимдеги санитардык коргоо зонасын жана чектөө алкактарын негиздөө жана эсептөө;
- шаарларды, өнөр жай ишканаларын, айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо, жерлерди сугаруу жана жайыттарды сугаруу үчүн издөө-чалгындоо, гидрогеологиялык жумуштарды жүргүзүү;
- инженердик-геологиялык жана гидрогеологиялык иштерди жүзөгө ашыруу;
- жер астындагы суулардын эксплуатациялык запастарын, жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу;
- стационардык байкоо скважиналары боюнча жер астындагы суулардын режимине региондук жана атайын байкоолорду жүргүзүү;
- сел коркунучтарын болжолдоо үчүн Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу көлдөрүнүн плотиналарынын инженердик-геологиялык абалын изилдөө;
- кооптуу экзогендик геологиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык процесстерди изилдөө;
- катастрофалык көрүнүштөрдү божомолдоо жана алдын алуу үчүн экзогендик процесстердин режимин изилдөө;
- суу каптоо процессин изилдөө;
- карталардын легендаларын, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн заманбап шарттарына карата колдонулуучу гидрогеологиялык изилдөөлөргө карата методикаларды жана талаптарды иштеп чыгуу;
5) кен-чалгындоо техникасын өндүрүү жаатында:
- геологиялык чалгындоочу кен техникасын өндүрүү;
- майдалоочу-талкалоочу, бургулоочу, ташты иштетүүчү жабдууларды жана механизмдерди өндүрүү;
- жалпы өнөр жайлык пайдалануу үчүн жабдууларды өндүрүү;
- геологиялык чалгындоо, кен жана жалпы өнөр жай техникасын капиталдык оңдоо;
- металл конструкцияларын жасап чыгаруу;
- конструктордук-технологиялык иштеп чыгуулар;
- үлгүлөрдөгү пайдалуу компоненттердин курамын жана алардын табигый көрүнүштөрүн экспресс-талдоо үчүн жабдууларды иштеп чыгуу жана өндүрүү;
- жаңы технологияларды киргизүү жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
- Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүү.
Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга (уруксат берүүгө) тийиштүү иштин түрлөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
3-глава. Ишкананын укуктары жана
милдеттери
17. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн эмес, өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын аткаруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуш аткарууга жеке адамдарды белгиленген тартипте тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жөнөтүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте, өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
10) Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көмөкчү чарбаларды түзүүгө;
11) пайдалуу кендерди тасмага тартуу, издөө, чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле жерди рекультивациялоо үчүн юридикалык жакты түзбөстөн биргелешкен ишканаларды түзүүгө;
12) келишимдик негизде, менчик ээсинин макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
13) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарып жана кызматтарды көрсөтүп жаткан юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иштерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарбалык башкаруу укугунда берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыздоого;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) өндүрүш ишин жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого.
19. Ишкана өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга укугу жок.
20. Ишкананын кызматкерлери мыйзам менен корголгон сырды сактоого, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сыр катары сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу
органынын компетенциясы
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
9) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүккө) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү маселелерге тиешелүү Ишканага көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
4) аткаруучу органдын отчетторун угууга;
5) Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага тартиптик жаза чарасын көрүү жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө.
23. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүгө;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөгө жана илгерилетүүгө;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар белгилүү болуп калса, алар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
24. Ушул Уставда аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетишүү максатында Ишканада геологиялык изилдөө жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы илимий жана техникалык саясатты аныктоо, Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарды карап чыгуу үчүн коомдук негизде илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
5-глава. Ишкананы башкаруу
25. Ишкананын ишин директор жетектейт, аны кызмат ордуна мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга шайкеш келген талапкерлердин арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
26. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлгөндөн кийин директор өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырылбаган баа алса жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбай коюу;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбоо;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келе жаткан жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетке которула турган Ишкананын таза кирешесинин бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүүгө киргизүү;
5) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык, жылдык отчетторду даярдоо жана тапшыруу;
6) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү саясат маселелери боюнча чечимдерди аткарууну уюштуруу;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
8) эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, ошондой эле эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштуруу;
12) геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында керектүү маалыматты мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте сурап алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
31. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишти жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органына чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди кароого киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсү менен байланышкан аларга керектүү болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылары белгилүү болуп калса, ал тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган ишмердиги жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
32. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
33. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним каты жок эле иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштөгү техникалык коопсуздукту сактагандыгына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
34. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
35. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Ишкананын директорунун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
36. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
37. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишин жетектөөнү директордун буйругу менен аныкталуучу директордун орун басарлары жүргүзөт.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткарууну бош кызмат ордуна жаңы адам дайындалганга чейин директордун орун басары жүргүзөт.
38. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, жоопкерчилик тартат жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктарды пайдаланат.
39. Төмөнкүлөр Ишкананын жетектөөчү курамы боло албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштарды, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды кылгандыгы үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) мурда уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан канааттандырылбаган иши үчүн бошотулган адамдар;
4) менчик формасына карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
40. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
41. Ишкананын чарбалык иш чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактар менен болгон бардык мамилелери жарандык-укуктук келишимдердин негизинде түзүлөт.
42. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар, өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш, мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү, бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адам аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууда катышууга укугу жок.
43. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ички аудитти жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
6-глава. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
44. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
45. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
1) Ишкананын ички аудиторуна;
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
46. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетторду киргизет.
47. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган иштин жылдык планынын же 3 жыл жана андан ашык узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
48. Ишкананын ишинин пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салган узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
49. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына каршы келбеген келишимдин предметин, милдеттерин, чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын өз алдынча аныктайт.
50. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
51. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Ишкананын иш максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун баяндалышын, Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөлөрүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн планын;
6) уюштуруучу планды;
7) финансылык планды;
8) тобокелдерди талдоону.
52. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын иштетүүнү уюштуруу үчүн керектүү маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
53. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Ишкананын иштери Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан, алардын компетенциясынын чегинде текшерилет.
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансылары
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Ишканага чарбалык башкаруу укугунда бекитилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү колдонуунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер жана продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каалагандай булактар.
57. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
58. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
59. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
60. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулат, ал эми таза пайданын бир бөлүгүнүн 50 пайыздан кем эмес бекитилген өлчөмү андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кошуу, бириктирүү, бөлүү, чыгаруу же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
62. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра уюштурулушу мүмкүн.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлүшү мүмкүн, анын жүз пайыз акциялары (үлүшү) мамлекеттик менчикте (акционерлөө) болот.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкүдөй тартипте жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
«Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын директору
Молдокеев Чынгыз Жанышбекович
- Кабыл алуу дареги: Эркиндик бульвары, 2 Биринчи май району, Бишкек 720040
- Кабыл алуу күндөрү: Дүйшөмбү-Жума
- Кабыл алуу убактысы: 9:00-18:00