1-октябрь — Эл аралык карылар күнү

Чүй өрөөнү
1-октябрь — Эл аралык  карылар күнү

2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле министрликтин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Кемин шаарындагы «Күн нуру» карылар үйүнө барышты. 

Министрликтин өкүлдөрү карыларды майрамы — Карылар күнү менен куттуктап, мындан ары да улуу муунга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Министрлик муундар аралык өз ара сый-урматты жана тилектештикти чыңдоого багытталган социалдык долбоорлорго жана акцияларга салттуу түрдө активдүү катышып келет. 

Биз улуу муунду урматтоо жана аларга кам көрүү — бул биздин жалпы милдетибиз жана коомдун руханий баалуулуктарын сактоонун маанилүү бөлүгү деп чын жүрөктөн ишенебиз.