2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев ар жылы сентябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү “Мунай, газ жана отун-энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамынын урматына бир катар адистерди сыйлады

Чүй өрөөнү

2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев ар жылы сентябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү “Мунай, газ жана отун-энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамынын урматына бир катар адистерди сыйлады.

Тармактагы талыкпай эмгеги жана курчап турган чөйрөнү коргоо ишин өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн адистерге Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалдары тапшырылды.

Сыйлыктар төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылды:

Нишанов Нургазы Нурланович – “Кыргызнефтегаз” ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы;

Матисаков Байгазы Абдигапарович – “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКсынын президенти;

Маматов Акылбек Абдимуктарович – “Ред Петролеум” ЖЧКсынын башкы директору;

Монолдоров Айвар Кубанычбекович – “Мунай Пром” ЖЧКсынын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары.

Өз сөзүндө министр мунай-газ тармагында иштеген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ата Мекен үчүн жасаган ар бир кызматы өлкө экономикасына зор салым кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле жер казынасын натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга кошкон эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.