Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
26-февраль 2024, 13:55
2024-жылдын 21- февралында экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй региондук башкармалыгынын инспекторлору, Чүй аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн анчы адистери жана егерлери менен биргеликте Чуй облусунун Жайыл жана Москва районундагы Календер, Ак-Суу жана Кара-Балта капчыгайларында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү.Жайыл районунун Календер капчыгайында рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталып, текшерүүдө ок атуучу курал табылган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чуй региондук башкармалыгынын инспектору тарабынан укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Бул эреже бузуу боюнча Кыргыз Респебликасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263 беренесине ылайык 12500 сом айып салуу токтому чыгарылды.
Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.