2024-жылдын 13-ноябрында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору Д.В. Глазуновдун жетекчилиги астында 2024-жылы аткарылган илимий-изилдөө иштеринин отчетторун бекитүү боюнча ИТКнын жыйыны болуп өттү
15-ноябрь 2024, 17:01

2024-жылдын 13-ноябрында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору Д.В. Глазуновдун жетекчилиги астында 2024-жылы аткарылган илимий-изилдөө иштеринин отчетторун бекитүү боюнча ИТКнын жыйыны болуп өттү.
Кеңеште ""Экологиялык абалды жакшыртууну камсыздоо, автомобиль транспортун жана атмосфераны булгаган башка объекттерди эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу. Булгануунун стационардык жана көчмө булактарынан чыккан булгоочу заттарды эсептөө боюнча методиканы иштеп чыгуу""темасында отчет угулуп, талкууланды.
Тема боюнча талкуулардын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү тарабынан илимий эмгек темасы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен кошумча иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.