13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Дем-Ал» экологиялык фестивалына катышты.
15-сентябрь 2025, 15:55
Фестиваль экологиялык уюм @movegreen тарабынан уюштурулуп, Тунук асман үчүн таза абанын эл аралык күнүнө арналды. 2025-жылы бул күн «Аба үчүн жарыш» урааны менен өткөрүлүүдө. Бул дата дүйнөлүк коомчулукту ар бир адамдын таза аба менен дем алуу укугун камсыз кылуу үчүн бириктирип, «Дем-Ал» фестивалы ушул глобалдык кыймылдын жергиликтүү бөлүгү болду.
Министрликтен төмөнкүлөр катышты:
атмосфералык аба бөлүмүнүн башчысы Н. Ташыбек уулу,
пресс-секретарь К.А. Исабек,
министрликтин Бишкек аймактык башкармалыгынын кызматкери.
Министрликтин атынан сөз сүйлөгөн Н. Ташыбек уулу абаны коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, бейөкмөт уюмдар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай деп баса белгиледи:
«Биздин жалпы максат — ар бир адам таза аба менен дем алып, биздин өлкөнүн асманы ар дайым көк болуп турсун».
Фестивалдын программасына расмий бөлүк, концерттик программа, экологиялык викторина, ошондой эле жаңы технологиялар жана кызыктуу иштелмелер көрсөтүлгөн атайын зоналар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү жана башка иш-чаралар кирди.