“Кыргыз коньягы” ЖЧКсына пландан тышкары текшерүү жүрдү

Чүй өрөөнү
“Кыргыз коньягы” ЖЧКсына пландан тышкары текшерүү жүрдү

2025-жылдын 9-апрели, Бишкек – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Кыргыз конъягы” ЖЧКсына карата пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 230-беренесине ылайык, мекемеге Протокол түзүлүп, 28 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышты коргоо, экологиялык талаптарды сактоо жана мыйзам бузуу учурларына каршы күрөшүү боюнча өз ишин улантууда. Жарандарды жана ишкана ээлерин экологиялык талаптарга жооп берген чараларды кабыл алууга чакырабыз.