2026-жылдын 14-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жаратылышты коргоо боюнча Германия союзунун (NABU) Федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту

Чүй өрөөнү
2026-жылдын 14-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жаратылышты коргоо боюнча Германия союзунун (NABU) Федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту

2026-жылдын 14-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жаратылышты коргоо боюнча Германия союзунун (NABU) Федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө борбору менен NABU ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, ак илбирсти реабилитациялоо борборунун ишин өркүндөтүү, колдонуудагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мөөнөтүн узартуу жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле CITES, CMS жана Рамсар конвенцияларынын алкагындагы эл аралык жаратылышты коргоо боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин кайра карап чыгуу жана жаңылоо боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге бурулду. Министр заманбап илимий маалыматтарды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, NABU уюмунун эксперттик колдоосуна кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Инго Аммерман NABUнун бул багытта тиешелүү тажрыйбасы бар экенин жана эксперттик билими менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы компонентти камтыган IKI SYMBIOTIC долбоору жана аны биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун соңунда ак илбирсти сактоо боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды көрүү, Бишкек декларациясында белгиленген милдеттенмелерди ишке ашыруу жана 23-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ак илбирс күнүнө карата иш-чараларды даярдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө жана жаратылышты коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча өз ара даярдык ырасталды.