2026-жылдын 14-январында социалдык тармактагы Facebook баракчаларында Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Огонбаева — Алма-Атинская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттен кара түтүн чыгып жатканы боюнча маалымат жарыяланган.
16-январь 2026, 11:01
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 14-январында социалдык тармактагы Facebook баракчаларында Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Огонбаева — Алма-Атинская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттен кара түтүн чыгып жатканы боюнча маалымат жарыяланган.
Аталган билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору билдирилген дарекке дароо чыгып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында түтүн «Мустафа» кафеси эмес, ошол даректеги «Авангард 2» мейманканасына тиешелүү экендиги аныкталды. Жеке ишкер С.Г.Вга Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө Кодексинин 230-беренесине ылайык 28 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан сырткары, ишкерге Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын нормаларын, эрежелерин жана талаптарын мындан ары так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын кайрылууларына жана ачык маалымат булактарында чыккан билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү иш-аракеттерин улантат.