2025-ЖЫЛДЫН 15-ИЮЛУНДА ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАЗАЛОО БОЮНЧА ИРЕТТҮҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК РЕЙД БАШТАЛДЫ

Ысык-Көл өрөөнү
2025-ЖЫЛДЫН 15-ИЮЛУНДА ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАЗАЛОО БОЮНЧА ИРЕТТҮҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК РЕЙД БАШТАЛДЫ

2025-жылдын 15-июль күнү, саат 05:00дө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы № 199-р токтомуна («Жайкы туристтик сезондун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруунун тартибин, анын ичинде суу объектилериндеги коопсуздук чараларын бекитүү жөнүндө») ылайык, Ысык-Көл көлүн таштандылардан жана мыйзамсыз коюлган браконьердик балык уулоочу торлордон тазалоо максатында иреттүү экологиялык рейд башталды.


Бул иш-чара беш мамлекеттик мекеменин өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулуп, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана көлдүн жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы туруу багытында өткөрүлүүдө.


Рейдге төмөнкү кызмат адамдар жана өкүлдөр катышты:

🔹 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кыштобаев М.Б.,

🔹 Экологиялык жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жолдошбаев Н.,

🔹 Экологиялык милициянын кызматкерлери.


👥 Рейддин катышуучулары эки топко бөлүнүп иш алып барышты:

– Биринчи топ бир нече катер менен Чолпон-Ата шаарынан батышты көздөй багыт алды,

– Экинчи топ ошол эле учурда бир нече катер менен Чолпон-Ата шаарынан чыгышты көздөй жөнөштү.


📌 Алгачкы жыйынтыктар боюнча, көлдүн аймагынан 200 метрге жакын мыйзамсыз коюлган балык уулоочу синтетикалык торлор чыгарылды. Бирок бул — баштапкы гана этап. Тазалоо иштери мындан ары да тынымсыз улантылып, коюлган милдеттер толугу менен аткарылганга чейин жүрүшүн улантат.


Бул экологиялык иш-чара Ысык-Көлдүн тазалыгын, биологиялык ар түрдүүлүгүн жана экосистеманын туруктуулугун сактоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.


📣 Жарандарды жана туристтерди жаратылышты коргоого, мыйзамдуулукту сактоого жана мамлекеттик органдардын мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.