2026-жылдын 15-январында Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруу директору А. Сыдыков Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиевге Ардак грамота тапшырды.
15-январь 2026, 17:31
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртууга, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле алардын демилгелерин колдоого көп жылдар бою кошуп келген зор салымы үчүн жана коомдук ишмердүүлүккө жигердүү катышканы үчүн 2026-жылдын 15-январында Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруу директору А. Сыдыков Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиевге Ардак грамота тапшырды.
Ошондой эле Ардак грамота менен катар Эл аралык ишкерлер кеңешинин 25 жылдыгына карата чыгарылган мааракелик төш белги да тапшырылды.
Өз кезегинде министр М. Машиев ыраазычылык билдирип, тараптар мындан аркы кызматташууну ар тараптан улантууга даяр экендигин белгилешти.