2026-жылдын 15-январда Министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, талкуу электромобиль транспортун жана анын инфраструктурасын өнүктүрүү багытында болду.
16-январь 2026, 15:35
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 15-январда Министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, талкуу электромобиль транспортун жана анын инфраструктурасын өнүктүрүү багытында болду.
Жыйындын максаты – Бишкек шаарындагы транспорттук булгоочу чыгындыларды азайтууга багытталган комплекстүү программаны иштеп чыгуу жана конкреттүү чараларды аныктоо болду. Жолугушууда иш-аракеттер үч негизги багыт боюнча бөлүндү: энергетика, транспорт жана катализаторлорду колдонуу. Ар бир багыт персоналдык негизде ишке ашырылмакчы.
Жыйынга Транспорт министрлиги, Бишкек мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор, Улуттук инвестициялык фонд, ЦКФ жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын аягында катышуучулар Бишкек үчүн таза аба – бул бир тармактын эмес, жалпы мамлекеттик жоопкерчилик экенин баса белгилешти.