2025-жылдын 30-июнунда «Кыргыз Республикасынын УКМКсы жана ИИМи тарабынан көрүлүп жаткан коррупцияга каршы чаралар» темасында тегерек стол өткөрүлдү
02-июль 2025, 10:15
2025-жылдын 30-июнунда «Кыргыз Республикасынын УКМКсы жана ИИМи тарабынан көрүлүп жаткан коррупцияга каршы чаралар» темасында тегерек стол өткөрүлдү
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын (мындан ары – КГК) кызматкерлери арасында коррупциянын алдын алуу максатында уюштурулду.
Иш-чарага Министрликке караштуу КГКнын директорунун орун басары Курманалиев А.Ж., Министрликке караштуу КГКнын директорунун орун басары Калилов Р.К., Министрликтин Ички иликтөөлөр секторунун (мындан ары – ИИС) башчысы Быкын уулу Р, Министрликтин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары – КАӨ) Какешов Б.Д.
Кыргыз Республикасынын ИИМинин Криминалдык милиция кызматынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милиция майору Орозалиев Р.Т., жана министрликке караштуу иш жамааттын өкүлдөрү.
Өз сөзүндө А. Курманалиев жана Р. Калилов белгилегендей коррупцияга каршы багытталган мамлекеттик саясат оң натыйжаларды берип жатканын белгилешип, мындай көрүнүштөрдү алдын алууга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле, кызматкерлерди таза, адилеттүү жана жоопкерчиликтүү иштөөгө, кызматтык милдеттерди коррупцияга жол бербестен аткарууга чакырышты.
Б. Какешов жана Р. Быкын уулу өз баяндамаларында коррупциянын түшүнүгү жана түрлөрү, коррупцияга каршы мыйзамдык нормалар, ошондой эле күрөшүү механизмдери жана мындай мыйзам бузуулар үчүн каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, УКМК тарабынан аныкталган конкреттүү коррупциялык укук бузуулар боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолушуп, коррупция үчүн жаза чараларын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорундагы жаңылыктар тууралуу айтып өтүштү.
Р. Орозалиев, коррупциянын алдын алууга багытталган айрым мыйзамдар жана нормалар тууралуу түшүндүрмө берип, сөзүнүн аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан даярдалган ар кандай мазмундагы коррупцияга каршы буклеттерди таратты.
Бул иш-чаранын максаты — жарандардын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, коррупцияны кыскартуу, аларга себеп болгон шарттарды жана факторлорду аныктап, жок кылуу, укуктук аң-сезимди жана маданиятты жогорулатуу, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупциялык укук бузууларга коомдук чыдамсыз мамилени калыптандыруу болуп саналат.