16-18-апрель күндөрү республикалык команда-штабдык машыгуу боюнча Нарын облусунун аймагында Жарандык коргонуу жаатында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү

Нарын өрөөнү
16-18-апрель күндөрү республикалык команда-штабдык машыгуу боюнча Нарын облусунун аймагында Жарандык коргонуу жаатында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Даярдык Планынын негизинде 2025-жылдын 16-18-апрель күндөрү республикалык команда-штабдык машыгуу боюнча Нарын облусунун аймагында Жарандык коргонуу жаатында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу жана Машыгууну жогорку денгээлде өткөзүү максатында, Машыгуудан алдын Нарын регионалдык башкармалыктын кызматкерлери менен төмөнкү иштер аткарылды:

- Министрликтин Нарын регионалдык башкармалыктын ЖК боюнча иш картасы Министрлик тарабынын иштелип чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлинин Нарын облусундагы башчысы менен макулдашылып, Нарын региналдык башкармалыгынын башчысы менен бекитилди;

- Ошондой эле, Министрлик тарабынын Нарын регионалдык башкармалыктын ЖК боюнча Тынчтык мезгилиндеги ЖК планы иштелип чыгып, жооптуу болгон кызматкерлерге ЖК жаатындагы функционалдык милдеттерин эффективтүү аткаруу максатында,  Министрлик тарабынын атайын жыйын өкөрүлдү.

Машыгууга КР ЖРЭТКМнин Жарандык коргонуу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укуктуу жооптуу кызматкер, Нарын регионалдык башкармалыктын кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин кызматкерлери болуп 16-18-апрель күндөрү Наарын шаарында республикалык команда-штабдык машыгууга катышкандыгы тууралуу маалымдайбыз.

Ошондой эле, машыгуу учурунда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаменти тарабынан атайын тийешелүү радиациалык фонду көзөмөлдөөчү жабдыктар менен камсыздалды.