2026-жылдын 16-февраль күнү Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан болжол менен 2 чакырым аралыкта, Шабдан айылынын айдоо аянтынан кадимки 1 ак куу учалбай жүргөн абалда табылган.
17-февраль 2026, 09:46
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 16-февраль күнү Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан болжол менен 2 чакырым аралыкта, Шабдан айылынын айдоо аянтынан кадимки 1 ак куу учалбай жүргөн абалда табылган.
Жергиликтүү тургундар канаттуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында аны кармап, парк кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аталган жагдай боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ак куу Бугу Эне коомдук жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна өткөрүлүп берилди. Учурда борбордун адистери тарабынан ветеринардык кароо жүргүзүлүп, реабилитациялык жардам көрсөтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды мыйзамсыз кармоого же зыян келтирүүгө жол бербөөгө жана ушундай учурларда тиешелүү кызматтарга ыкчам маалымдоого чакырат.