Министр М. Машиев 2025 жылдын 17 октябрында БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) 60 жылдыгына арналган дарак отургузуу аземине катышты.
20-октябрь 2025, 09:28
Чүй өрөөнү
Куттуктоо сөзүндө министр М. Машиев – "ПРООН дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө эл аралык өнөктөштүк, кедейчиликти жоюу, жаратылышты коргоо жана туруктуу өнүгүү боюнча зор салым кошуп келерине- токтолулду.
"Кыргыз Республикасынын үчүн ПРООН ишенимдүү жана көп жылдык өнөктөш болуп калганын, 1993-жылдан бери ПРООН өлкөбүздө экологияны сактоо, климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту күчөтүү, жашыл экономикага өтүү жана жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келээрин"-кошумчалады.
"Отургузулуп жаткан ар бир дарак – бул жашоо булагы, таза аба, бул келечек муундар үчүн ишеним. Дарак отургузуу – бул жөн гана иш-чара эмес, бул табиятка болгон сүйүүнүн жана жоопкерчиликтин белгиси. Ар бирибиздин чакан аракетибүз чоң өзгөрүүлөргө алып келерин унутпайлы"-деди министр М.Машиев.