Акыл Токтобаев 2026-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.

Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев 2026-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.


 Акыл Токтобай уулу
📅 Туулган жылы: 1987-жылдын 28-июну
👨‍👩‍👧‍👦 Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы


🎓 Билими:
— Кыргыз-Россия Славян университети — экономист (дүйнөлүк экономика)
— Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы — юриспруденция магистри


💼 Эмгек жолу:
— “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору
— “Алтынкен” компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү
— “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары
— “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары
— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары
— Экономика министрлигинде жана Жогорку Кеңештин аппаратында жетекчилик кызматтарда иштеген


🏅 Класстык чини:
Мамлекеттик жарандык кызматтын I класстагы кеңешчиси.
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктардын ээси.