БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы) менен кызматташтык 🤝
07-ноябрь 2025, 14:14
Чүй өрөөнү
БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы) менен кызматташтык 
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы) тарабынан көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоого жана кызматташтыкка терең ыраазычылыгын билдирет.
БУУӨП тарабынан Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментине тапшырылган автоунаа – Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экосистемаларын туруктуу башкарууга жана жаратылыш байлыктарын коргоого чоң салым кошот.
Бул колдоо Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган “Түштүк Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде көптөгөн пайдаларды алуу үчүн тоо экосистемаларын комплекстүү башкаруу”долбоорунун алкагында ишке ашты.
Жаңы автоунаа Памир-Алай аймагындагы сейрек кездешүүчү жана коргоого алынган жаныбарлардын – ак илбирстин, аркардын, эчки-текенин жана башка түрлөрдүн жашоо аймактарында мониторинг жүргүзүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат. Бул иш чаралар жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү узак мөөнөттүү сактоого өбөлгө түзөт.
Департамент БУУӨП менен болгон өнөктөштүктү жогору баалап, экологиялык туруктуулук, жаратылышты коргоо жана заманбап мониторинг механизмдерин өнүктүрүү багытындагы кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин белгилейт.
Биздин жалпы максат – Кыргызстандагы жаратылышты сактап, келечек муундар үчүн таза жана кооз экологиялык чөйрөнү камсыз кылуу.